Ошто "Казак" каймана аты менен жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Ал ИИМдин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары атайын тизмесинде турганын Ош ШИИБинин басма сөз кызматынын өкүлү билдирди.

"Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Ош шаарынын Исанов көчөсүндөгү "Народный" дүкөнүнүн алдында катталган каракчылык фактысына катыштыгы бар экени аныкталган. Тергөө иштеринин алкагында, 17-январда "Казак" каймана аты менен жүргөн 1985-жылы туулган У.М. кармалды. Ал Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул факты боюнча иликтөө иштери уланууда. Буга чейин жогорудагы каракчылыкка тиешеси бар делинген эки жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген", - деп кабарлашты маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
chake
2020-01-18 09:31:16
бул кылмышкерди бошоткон сот менен чогуу камагыла
+15
Alimbek1000
2020-01-18 14:13:41
chake, туур айтасыз муну чыгырган сотту да ушунун жанына камаш керек.
+4
kechirmeni
2020-01-18 09:47:17
мындан нары эркелетип тайрандатпай мыйзам чегинде жазалагыла эми
+12
Jaznura
2020-01-18 09:51:12
Казак болбой калсын кол белинде күчү бар экен адалдан тамак таап жесе болбойбу?
+15
Chungyz
2020-01-18 10:23:04
кыргыз эли учун кызмат кылгыла алданып арам акчага азгырылбагыла
+9
Alia82
2020-01-18 16:31:18
Бул бала оо бирделе кармалды деп чыкты элего, кармалып эле кайра наржактан чыгып кетеберет окшойт да
+6
Zhoro
2020-01-18 17:18:41
Канча каймана казак аттуу кылмышкер бар мурда да жаздынар ...
+4
ma2as
2020-01-19 10:38:55
Эки ай мурун эле кармалды деп журду элего .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан