"Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Тейит айылында Ак-Суу дарыясынан суу ашып, айыл жашоочусунун үйүнө кирип кеткен" деп билдирет Элдик кабарга окурман.
Анын айтымында, окуя 19-январда кечки саат 5-6лар чамасында болгон.
"Үйдү суу каптаганда түн ичинде Кара-Тейит айылынын тургундары келип, сууну кар менен тосконго жардам берген. Андан кийин айыл башчы дагы келип, ӨКМдан трактор бөлдүртүп берем деген эле. Бирок алар келген жок. Эми биз райондон сууну буруп берүү үчүн техника бөлүп берүүнү суранат элек. Бүгүндөн калса, үйдү кайрадан суу каптап кетет", - деп жазат окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.