ЭЛДИК КАБАР: "Ош шаарындагы Анар кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн алдын жашоочулар гараж салып, короо кылып тосуп алышкан" дейт окурман

"Ош шаарына караштуу Анар кичи районунда көп кабаттуу үйлөрдүн айланасын биринчи кабаттын жашоочулары мүмкүн болушунча тосуп алышкан", - деп билдирет Элдик кабар бөлүмүнө окурман.

Окурмандын айтымында, балдар аянтчасынан бери тосулуп калгандыктан, унаа токтотконго да жер жок.

"Биринчи кабаттын жашоочулары гараж салып, короо кылып тосуп алышты. Ал жерлер алардын менчигине кирбейт да. Мэриядан деле караган киши жок. Жердин баары тосулуп калгандыктан, кээде унааларды балдар ойногон аянтчага токтотуп жатабыз. Ош шаарындагы негизги көчөлөрдөгү дүкөндөр алынып, тазалаганы болбосо көп кабаттуу үйлөрдүн короолору баягы эле таз кейпинде", - деп жазат окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
nemo2016
2020-01-21 20:47:46
Ушул тосмолорду алып чек араларды бекемдеш керек мамлекеттин кучу жетпейт эчнерсеге
+2
bond02
2020-01-21 20:48:10
Бул кетиште сарай салып бука байлашат го дейм домдун алдына.
+8
Apyn8793
2020-01-21 21:01:35
bond02, бул жагында эмес башка домдун алдында тоок багышат, бирин-экин кой. Кээси уй кармап саайт. )))
+5
Jelezo
2020-01-21 21:53:31
Жылкы кармагыла таза болот сасыбай.
+2
erlanspb
2020-01-22 00:10:58
Силерди коруп орустар болсо сочко бага баштайт
+2
Gulya78
2020-01-22 13:42:53
Туура адам өтө турган асфальтталган жолчолорду да тосуп алышат,айла жок ылай кечип үйүңө киресиң
+1
asman.81
2020-01-22 13:57:13
Араванскйде Бакыт уйундо тосуп алып гостница кылып алып иштетип атат.Кой деген кожосу жок.Жашоочулар арыздана берип чарчадык.Милициясы,прокуратурасы да табакташ.Шаардын чок ортосунда турган араванскийдин айланасы бардак,кирова мектебинин окуучулары чыгып алып гараждын жанында оспурум кыздар сигарет чегишет.Караган адам жок.Гул саткан аялдамадагы тратурардын устуно магазин салып алышкан,мэриядан эл менен жолугушканы келгкнде айтсак Сонунбек чечебиз деп кеткен боюнча кабар жок.
0
bessmertiy
2020-01-22 14:20:44
asman.81, Гостиница эмес. Хостел. Жашоочуларга эч кандай тоскоолдук жаратпай эле бир жакшына эле иштеп атат. 4-5 аял эле бул жер ИСПОЛКОМДУН буйругу менен салынган деп арыздана берип куураттынар го.
-1
elzad01
2020-01-22 21:41:14
Бизде дагы ушул көйгөй биринчи этаждагы квартираны магазин кылып ачып жатышат биз жанында жашайбыз ызы чуу болуп бизге тоскоолдук жаратат. Домдогулар салба деп каршылык кылдык бирок укпады. Ошондо кимибиздики туура ал менин үйүм өзүм билем деп жатат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан