Бүгүн, 22-январда Бишкек шаардык сотунда ЖЭБ иши боюнча жактоочулардын апелляциялык даттануулары каралып жатат. Ага Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов, мурдагы финансы министри Ольга Лаврова жана "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров жана мурдагы депутат Осмонбек Артыкбаев келди.
Буга чейинки отурумда соттук процесстерге катышпайм деген мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду жактоочулары катышууга көндүргөнүн Замир Жоошев билдирди.
Отурумдун жүрүшүндө аппеляциялык даттануулары боюнча жүйө далилдерин негиздеп жаткан жактоочу Замир Жоошевди судья: "Даттануу боюнча лицензияны жактоочу Нурбек Токтакунов тапшырган, андыктан сиз азыр жүйө далилдериңизди келтирүүгө укугуңуз жок", - деди ал. Мындан кийин сөздү башка жактоочуларга тапшырды.
2019-жылдын 6-декабрында Бишкектин Свердлов райондук соту коррупция боюнча айыпталып жаткандарга карата чечим чыгарган. Анда мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков менен "Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасынын мурдагы башчысы Айбек Калиев "коррупция" беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган. Мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев 7 жыл 6 айга соттолсо, депутат Осмонбек Артыкбаев менен мурунку финансы министри Ольга Лаврова айып пул төлөөгө милдеттендирилген.
"Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров жана Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкуловдун жаза мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу сот залынан бошотулушкан. Ал эми "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы башчысы Салайдин Авазов "коррупция" беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 3 айга эркинен ажыратылган.
Соттук ишке Ирина Воронцова төрагалык кылууда, ал эми соттук коллегияда Нурбек Эсеналиев жана Нурлан Кожомбердиев.