Саламаттыкты сактоо министрлиги интернетке тараган окуяга байланыштуу жарандардан медициналык жардам алып жаткан, учурда медициналык кызматкерлерге карата этикалык жана укуктук нормаларды сактоону суранат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Интернетке тараган окуя боюнча адилеттүү баа берүү үчүн дарыгер менен шаардык балдар клиникалык ооруканасына кайрылган пациенттин ишин карап чыгуу үчүн комиссия түзүлдү. Комиссияга министрликтин өкүлдөрү, Кыргыз медициналык ассоциациясынын медициналык кызматкерлеринин профсоюзунун өкүлдөрү кирди", - деп жазылат маалыматта.