Бишкекте бир туугандар Канат жана Кубат Асановдор изделүүдө. Канат Асанов 9-январдан бери дайынсыз болсо, аны иниси Кубат Асанов 15-январда издеп чыгып, ал дагы ошол күндөн бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу изделип жаткан адамдардын жакындары билдиришти.
51 жаштагы Канат Асанов 9-январь күнү саат 18:00 чамасында Бишкектеги Ынтымак жаңы конушундагы үйдөн чыгып кеткен боюнча кайра кайрылып келген эмес.
Өзгөчө белгилери: бою 160-165 сантиметр, арык дене түзүлүштө. Чачын ак басып калган. Көз айнек тагынат.
Кийген кийимдери: Көк түстөгү күрмө, кара спорттук шым жана бутуна кара бут кийим кийип жүргөн.
Ал эми жогорудагы дайынсыз болуп жаткан жарандын бир тууган иниси Кубат Асанов дагы изделет. Ал 15-январь күнү Заречное дачасындагы үйүнөн саат 11:00 чамасында чыгып кеткен.
Кийген кийимдери: кара түстөгү күрмө, көк түстөгү жынсы шым жана бутуна кара бут кийим кийип жүргөн.
Өзгөчө белгилери: Орто дене түзүлүштө.
Кимде ким сүрөттөгү жарандар жөнүндө маалымат билсе, төмөндөгү номерлерге чалып коюуну жакындары өтүнөт.
Байланыш телефону: 0551 12 42 19, 0755 07 47 20, 0706 98 99 84.