Грецияда биринчи жолу аял президент болуп шайланды

Грецияда 63 жаштагы Екатерина Сакелларопулу өлкө башчысы болуп шайланды. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты.

Анда жазылгандай, Екатерина Сакелларопулу парламентте жалпы 300 депутаттын ичинен 261инин макулдугу менен шайланган. Ал кызматка 13-марттан баштап киришет.

Екатерина Сакелларопулу Грециянын сегизинчи президенти, ал эми бул кызматка киришкен биринчи айым президент катары тарых барактарында калды.

Грециянын конституциясына ылайык презденттик шайлоо 5 жылда бир өтүп турат. Талапкерлерди парламенттик регламентте карап чыгып, добуш берүүгө коюшат.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан