Кытайда 7 жарым миллион калкы бар Хуанган шаары жугуштуу вирустун кесепетинен жабылды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, Хуанган шаары вирустун очогуна айланган Ухан шаарына жакын жайгашкан. Шаар ичине кирүүгө жана чыгууга тыюу салынды. Автоунаа жолдору, темир жол бекеттери, туристтик жана оюн-зоок имараттары жабылды.
Мындан сырткары, автобус жана поезддердин каттамдары токтотулду. Кытай өкмөтү элден Хуанган шаарынан сыртка чыкпоону суранууда.
Акыркы маалыматтарга караганда, Кытайда 600гө чукул адам вируска кабылса, алардын ичинен 95и оор абалда, 17ге жакын адам каза болду деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, буга чейин вирустун очогу болгон Ухан шаарында коомдук транспорттор токтотулганы жазылган.