Индияда көз жоосун алган "Холи" фестивалы өтүп жатат (фото)

Индияда жүздөгөн индустар жаздын келишинин символу болгон салттуу "Холи" фестивалын дүйнөгө тарап жаткан коронавируска карабай, өткөрүп жатышат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Белгилүү болгондой, "Холи" фестивалы байыркы улуттук майрамдардын бири болуп саналат. Бул фестивалдын максаты кыштын аякташын жана жаздын башталышын салтанаттуу түрдө майрамдоо. Аталган фестиваль Индиядан сырткары Непалда жана индустар байырлаган башка өлкөлөрдө өткөрүлөт. "Холи" фестивалы жаздын алгачкы күнүндө өтөт. Бул жылы 9-мартка туура келген. Аталган фестивалда ар түркүн таттууларды жана даамдарды даярдашып, түркүн түстүү боёкторду бири-бирине чачуу менен көңүл ачышат. Бул шаан-шөкөт, албетте, шаңдуу ыр, бий менен коштолот. Фестивалдын жүрүшүндө Индия ар түркүн боёктордун асан-үсөнүнө айланат.

Буга чейин Индиянын премьер-министри Нарендра Моди коркунучтуу делинген коронавирус дүйнө жүзүнө кулачын жайып жаткандыгын эске алуу менен, вирустун өлкө аймагына жайылуусуна жол бербөө үчүн бул жылы "Холи" фестивалы өтпөй тургандыгын билдирген. Мындай чечим өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин вирустун жайылышын алдын алуу үчүн калк массалык түрдө топтолгон жерден оолак болууну, өздүк гигиенанын сакталышы керек деген билдирүүсүнүн негизинде кабыл алынган болчу. Бирок ага карабастан, индиялыктар "Холи" фестивалын жылдагыдай эле майрамдап жатышат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
aerforce
2020-03-09 16:18:25
Коронавирусту кобойтушот экенда эми шан шоокотту жок отурбайбы олкосундо коронавирус чыкканда
+3
aerforce
2020-03-09 16:20:14
Биздин индустарда откозобуз деп чыкпасын эми
-2
Agayu
2020-03-09 17:30:44
Эми Эксперттер чото тоготушпайтат деп күчтүүсүн ойлоп табышпаса болду
+1
Kyrgyz40
2020-03-10 10:15:12
Холи откором деп вирус жуктуруп к-го киришет эми
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан