Бүгүн, 23-январда Ленин райондук сотунда өспүрүмдү сойкулук кылууга мажбурлаганга шектелген кыздардын баш коргоо чарасы каралды.
Анда 1996-жылы туулган К.А., 1987-жылы туулган Н.М. жана 1996-жылы туулган Д.З.нын баш коргоо чарасы каралды.
Ленин райондук соту аларды 2 айга камакка алуу чечимин чыгарды.
Окуянын чоо-жайы:
2019-жылдын 21-ноябрь күнү Ленин РИИБине М. аттуу жаранга карата чара көрүүнү сураган арыз түшкөн. Арызда ал 2003-жылы туулган Р.Н. аттуу жашы жете элек, оорулуу сиңдисине карата күч колдонуп, каалоосуна каршы притондо 12-ноябрдан бери иштөөгө мажбурлаганы жазылган. 23-декабрь күнү арыз менен кайрылган жаран дагы арыз жазып, 2003-жылы туулган сиңдисин 12-ноябрь күнү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында бейтааныш 2 адам белгисиз унаага салып Бишкекке алып кеткенин айткан. Аталган фактылар Ленин РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 166-берене (Сойкулук кылууга тартуу) жана 170-берене (Киши уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.