Екатеринбург шаарында жол кырсыгынан каза болгон 3 Кыргыз жаранынын сөөгүн мекенине жеткирүү иштери жүрүүдө

Орусиянын Екатеринбург шаарында жол кырсыгынан каза болгон Кыргыз жарандарынын сөөгүн мекенине жеткирүү иштери уюштурулууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун басма сөз кызматынан билдиришти.

"2020-жылдын 22-январында Челябинск облусундагы «Троицк» чек ара өткөрмө пунктуна жакын жерде жол кырсыгынан каза болгон 5 кишинин жарандыгы жана аты-жөнү такталды. Орусиянын ИИМнин Челябинск облустук Миграция суроолору боюнча башкармалыгынын маалыматына ылайык, жол кырсыгынын кесепетинен каза болгон 5 кишинин үчөө Кыргыз Республикасынын жарандары экендиги аныкталган. Учурда Челябинсктеги «Мекендештер» диаспора уюмунун жетекчилиги жана активдери менен биргеликте Кыргыз өлкөсүнө «Жүк-200дү» жеткирүү иштери уюштурулууда", - деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Челябинск-Троицк трассасында КамАЗ жана Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаа сүзүшүп, кырсыктан мамлекеттик номери Кыргыз өлкөсүнө таандык болгон Хонда Одиссей унаасындагы 5 жаран каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан