Ат-Башыда Кытай кура турган логистикалык борбор боюнча жыйын өтүүдө

Нарын облусунун Ат-Башы районунда ири логистикалык борбордун курулушу боюнча азыркы учурга чейин эл арасында түрдүү кептер айтылып, маселе боюнча талаш күч алды. Анда "Ат-Башыга курула турган логистикалык борборго Кытай ээлик кылат экен", "кытайлар өздөрү келип иштеткени жатат" деген өңдүү сөздөр болгон. Буга байланыштуу бүгүн, 24-январда Ат-Башы районундагы Апын Керимбаев атындагы орто мектебинде жыйын өтүүдө.

Жыйынга жергиликтүү тургундар, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Аманбай Кайыпов, Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков жана Жылдыз Мусабекова, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов, вице-премьер-министр Замирбек Аскаров, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Мелис Турганбаев, Ат-Башы районунун акими Жакыпбек Субагожоев катышууда.

Жыйында аймакка логистикалык борбордун курулушу боюнча түшүндүрүү иштери айтылууда.

"Өзүңүздөр билесиздер, Нарын жергесинде эркин экономикалык зона түзүлгөнүнө 30 жыл болуптур. Мына бул жерде аксакалдарыбыз олтурат. Ушул күнгө чейин экономикалык зонанын бир үзүрүн Нарын эли көрө элек. Буга чейин элде бир топ карапайым калктын арасында смартфондор аркылуу логистикалык борбор боюнча ар кандай пикир жайылып жатат. Ошондуктан биз сиздер менен жүзмө-жүз, көзмө-көз көрүшүп суроолорго жооп берели деп жатабыз", - деди вице-премьер-министр Замирбек Аскаров.

Аталган борбор курула турган жер аянты 200 гектарды түзөт жана жер тилкеси инвесторлорго 49 жылга ижарага 49 миллион сомго берилген. Ижарачылар тиешелүү сумманы мамлекетке төккөнүн Бишкек шаарында бул маселе тууралуу өткөн жыйында маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Absamat-90
2020-01-24 15:34:49
Элге пайдасы тийсе иштеткен жакшы. Ансыз деле коптор уй булосунон алыста мигрант болуп журот.
-3
chake
2020-01-24 15:35:09
ийри отуруп түз кенешкиле кее бирлер ищтин чоо жайын билебей туруп эле интерненттен жыланач баатыр болуп жатат
-2
Jaznura
2020-01-24 15:36:04
Логистикалык борбор ачылса Нарынтыктар жумуш менен камсыз болуп шаарга чуркабай калмак. Ал жер Кыргызстандын жери келишимде жерди кытайга өтөт деген жери жок.
-2
Kyrgyz_bloger
2020-01-24 15:49:58
49 жылга арендага бергенден кийин ала албайбыз,ал убакта Кытай дуйнодогу эн кучтуу олко болот,жерди бер деп айтканга биздин духубуз жетпейт,Кытай эмес Тажикстан,Озбекстандан талап кыла албай жатабыз башкасын айтпай эле коелу.
+5
Atas
2020-01-24 16:03:45
Биз каршыбыз курулуш иштерине келечекти ойлойлу , жерибизди ойлойлу ойгонгула 4 9 - ж. Илгери Кашгар , дагы Кыргыздардын жери болгон .
+6
Aimani
2020-01-24 17:12:53
Ошентип дагы 200га жерибиз кытайга кетиптир да. 49жыл деген ал жөн эле да. Биротоло беришти деп түшүнө бергиле
+7
Samatalibei
2020-01-24 17:40:20
Эмнеге 49жыл ушул 49жылды кайдан чыгардынар? Эмне учун 19жылга берсе болбойт? 29жылга бергиле кайда барба жердин баары 49жылга берилип кеткен! Бул логистикалык борбордун курулушун тактап анан баштоо керек. Башталганда баары сонун эл учун деп баштайсынар аягында Эл алданып калат. Бул долбоор ишке ашканы жакшы жумуш орундар болот, бирок жерди 2жылга да Кытайларга бергенге эмнегедир журок жол бербейтда.
+8
katerina.li
2020-01-24 20:26:12
Логистикалык борбордун Ат башыга эмне кереги бар?? Да еще китайский??
0
katerina.li
2020-01-24 20:27:26
Кытайлар бизге эмнеге жерин 49 жылга беришпкйт??
0
Aikaaaa
2020-01-25 09:34:51
katerina.li,китайский мировой рынокту ээлеген, Хоргосто жүрөбүз го, ошондой эле кеп да, же китайский деп барбай койдукпу? Кытайда Үрүмчү, Кызыл Суу деп кыргыздар жашап жүрүшөт го
-1
Mister-X
2020-01-24 20:43:35
49 жылдан кийин азыркы берген адамдар тиги дуйнодо болот.Кытайлар башка документ жасап, биз биротоло сатып алганбыз дешет.Кумторго кол койгондор жазаланып жатабы? Менин тан калганым, эмнеге биздин кыргыздарга ишенбейт.Курулуш,жолдорду тендер деп башка олкого берет. Эмне кыргыздар кыла албайбы?Кыргыздар машина,трактор, башка техникаларды ойлоп таап жатышат го.Озубузду колдобой, чет жерден инвестор тартабыз.Туалет курса да тендер откозот,аны чет олколуктор утуп алат.
+1
Muratmipa
2020-01-25 11:04:41
Дааа уж 49 жылдан кийин кытыйдын жери болуп калат Сох Ворух дегендей эле
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан