Вице-премьер Замирбек Аскаров: "Жердин бир метри дагы Кытайга өтпөйт"

Бүгүн, 24-январда Нарын облусундагы Ат-Башы районунда жайгашкан Апын Керимбаев атындагы орто мектебинде Ат-Башы районунун аймагына курула турган логистикалык борборго байланыштуу жыйын өтүүдө.

Жыйындын жүрүшүндө Бишкек шаарынан келген өкмөттүн атайын делегациясына жергиликтүү тургундар тарабынан "эл арасында жер Кытайга акырындык менен өтүп кетиши мүмкүн" деген кептер айтылууда. Ушул кептер чынбы?" деген суроо узатылды.

"Эң орчундуу суроону берип жатасыздар. Жердин 1 метри дагы Кытайга өтпөйт. Мен бул суроого өкмөттүн өкүлү катары ачык жооп бере алам", - деди вице-премьер-министр Замирбек Аскаров.

Аталган борбор курула турган жер аянты 200 гектарды түзөт жана жер тилкеси инвесторлорго 49 жылга ижарага 49 миллион сомго берилген. Ижарачылар тиешелүү сумманы мамлекетке төккөнүн Бишкек шаарында бул маселе тууралуу өткөн жыйында маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан