Бүгүн, 25-январда УКМКнын алдында жол кырсыгы катталып, андан аял киши жабыркады. Бул тууралуу SUPER.KG порталы Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Исаев тастыктады.
"25-январда болжол менен 10:50 чамасында Жибек Жолу менен Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишинде жөө жүргүнчү өтө турган жерде Тойота унаасы токтогондо БМВ унаасы келип сүзгөн. Натыйжада Тойота унаасынын жүргүнчүсү аял киши жабыркаган. Ал "Тез жардам" кызматын күтпөстөн башка унаа менен ооруканага жеткирилген", - дейт басма сөз катчы.