Антонина Шевченконун UFC уюмундагы келерки таймашынын датасы белгилүү болду

Антонина Шевченконун UFC уюмундагы келерки таймашынын датасы белгилүү болду. Жеңил салмак боюнча UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченконун бир тууганы Антонинанын кийинки таймашы 25-апрелде Небраска штатынын Линкольн шаарында өтүп, ал UFC Fight Night show турниринин алкагында октагонго чыгат.

Анын атаандашы америкалык Синтия Калвилльо боло турганы анык болду. Шевченконун атаандашы 32 жашта. Аталган таймаш UFC Fight Night 173 турниринин башкы беттештеринин бири боло турганы күтүлүүдө.

Синтия Калвилльо эң жеңил салмак категориясы боюнча 2017-жылдан бери таймашка түшүп келет. Бул анын жеңил салмак категориясындагы биринчи беттеши. Ал өткөн беттештерде 8 ирет жеңишке ээ болсо, 1 жолу жеңилүү ызасына дуушар болгон.

Ал эми Антонина Шевченко дагы буга чейин 8 жолу жеңишти камсыздаган. Акыркы беттешинде Шевченко чехиялык Люси Пудилованы жеңген болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
rysik79
2020-01-25 19:19:12
Бул Кыргызстан деп айтпайт озунчоле конордун каоюрындашы болуп женсе же женилсе деле ачышкан киши болбойт го дейм. Тиги Валя маладес кыргызстандын желегин желбирете журот.
-3
murat17
2020-01-25 21:27:00
rysik79,неге бул кыргызстандын атынан чыкпайбы
-1
rysik79
2020-01-25 23:42:26
Кор да бойлорун. Микрофон берсе кыргызстан деп бир соз айтпайт го
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан