Биз социалдык тармакта

Белгилүү ырчы Майли Сайрус турмушка чыкты

Америкалык белгилүү ырчы Майли Сайрус сүйүктүүсү, барабанчы Макс Морандо менен баш кошту.

Түгөйлөрдүн үлпөт тою Палм-Спрингс шаарында мурда белгилүү ырчы Фрэнк Синатрага таандык болгон жеке менчик жайда өттү. Салтанат гүлдөр жана шамдар менен кооздолуп, ырчынын өкүл энеси Долли Партондун ыры жаңырган.

Үлпөт тойдо Майли Сайрус сүйүктүүсүнөн балалуу болууну каалай турганын айткан.

"Сени жолуктурганга чейин өзүмдү жоготуп койгондой болчумун. Сени таап, өзүмдү таптым. Сени менен бирге чыгармачылык менен алектенүү - менин эң сүйүктүү ишим. Ошондуктан балалуу болууну абдан каалайм. Балабыздын чачы сеникиндей болсо экен, бирок эң негизгиси, сендей ак көңүл болсун", - деген ырчы.

Ал эми Макс Морандо сүйүктүүсүнө ар дайым таяныч боло турган жолдош болууга убада берген.

Майли Сайрус дүйнөгө өзгөчө «Flowers» ыры менен таанымал. Ырдын белгилүү сабы: I can buy myself flowers - «Мен өзүмө өзүм гүл сатып ала алам».

Ошондой эле «Wrecking Ball», «Party in the U.S.A.», «The Climb» аттуу хиттери бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан