Кыргыз өлкөсүндө катталган коронавирус тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Мессенжерлер аркылуу тарап жаткан республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына коронавирусту жуктуруп алган бейтап жаткырылды деген маалымат калп. Саламаттыкты сактоо министрлиги бүгүнкү күнгө карата Республиканын аймагында коронавирусту жуктуруп алган учур катталбагандыгын дагы бир жолу эске салат.
Штаб вирустун жаӊы түрүнө байланышкан кырдаалды тынымсыз көзөмөлдөп жатат. Жарандардан такталбаган жалган маалыматтарды таратпоосун өтүнөбүз.
Адистер тарабынан сунушталган вирустун алдын алуу чаралары:
Колду самындап бат-бат жууп туруу же спирт менен сүртүү;
Жөтөлгөндө же чүчкүргөндө оозду, мурунду чыканак менен же бир жолу колдонулуучу кагаз бет аарчы менен жабуу;
Сасык тумоо же курч респиратордук инфекциялардын белгилери байкалган адамдардан алыс болуу;
Эт жана жумуртканы жакшылап бышырып колдонуу;
Жаратылыштагы жапайы жаныбарлар жана канаттууларга жакындабаш керек;
Эгерде дене табыңыз көтөрүлүп, жөтөлүп, дем алууңуз кыйындаса, тезинен медициналык жардам алууга кайрылыӊыз.
Кытайда чыккан коронавирус тууралуу бардык кабарларды окуу үчүн ушул шилтемени басып өтүңүз.