7-июнда Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында 24 дарыгер коронавирус жуктуруп алганын Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлаган.
Ал эми бүгүн, 8-июнда бейтаптардын абалы канааттандырарлык экенин аталган оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.
"Азыркы тапта 14 кызматкер дарыланып жатат. Алардын ал-акыбалдары жакшы. Ал эми калгандары айыгып, үйлөрүнө чыгып кетишти", - деп билдирди Аалиев.