Тик учак кырсыгында баскетбол жылдызы Коби Брайант кызы менен кошо каза болду

Атактуу америкалык баскетбол жылдызы Коби Брайант 41 жашында каза болду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Брайант Лос-Анжелес шаарынан алыс эмес жерде менчик тик учагы кулап каза болгон. Тик учакта Брайант менен чогуу дагы жети киши (ред. айрым маалымат булактарында төрт киши) бар болгон жана алардын бардыгы каза болгондугу айтылууда. Тик учактын эмне себептен кулаганы боюнча азырынча так маалымат жок. Каза болгондордун арасында Брайанттын 13 жаштагы Жианна аттуу кызы да бар болгон.

Коби Брайант баскетбол тарыхындагы эң мыкты оюнчулардын бири болуп эсептелет. Баскетбол жылдызы өзүнүн карьерасында 20 жыл "Лос-Анджелес Лейкерс" клубунда ойноп келген. Ал беш жолу чемпиондук титулду жана АКШ курамасы менен эки жолу олимпиада чемпиону аталган. Анын өмүр баяны тууралуу кенен маалымат окугуңуз келсе, ушул шилтемени басып өтүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dembele84
2020-01-27 10:22:43
Ото кучтуу баскетболист болчу,окунучтуу!!!
+4
murat17
2020-01-27 11:30:35
легенда Баскетбол спорт учун чон эле жоготуу
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан