Кыргыздын келечектен көптү үмүттөндүргөн жаш жана таланттуу футболчусу Гүлжигит Алыкулов Казакстандын "Кайрат" клубуна өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жаш футболчунун бир тууган агасы Манас Алыкулов билдирди.
"Биринчиден "Кайрат" клубу рейтинги боюнча "Неман" клубунан 4-5 эсе өйдө турат. Бул клуб Европа Лигасында ойногондуктан Гүлжигитке Европа клубдарында ойноого мүмкүнчүлүгү көбүрөөк болот деп ойлойм. Бул клубда Бразилиянын, Португалиянын жана Европа өлкөсүнүн көптөгөн футболчулары ойноп кеткен. Аталган клуб Казакстанда ТОП-2ге кирет. Жаңы клубда Гүлжигит 8-номерде ойнойт", - деп билдирди ал.
Эске салсак, буга чейин Гүлжигит Алыкулов казакстандык "Кайрат" клубуна өтөрү тууралуу айтылып келген.