"Сокулук районуна караштуу Новопавловка айылынын №2 мектеп-гимназиясынын жанындагы аялдаманы техникалык тейлөөчү жана май алмаштыруучу жай кылып алышты", - деп жазат "Элдик кабарга" окурман.
"Аялдамада дайыма унаа болгондуктан, окуучулар Бишкек-Ош трассасынын боюна чыгып, маршрутка тосууга аргасыз болушууда. Желимдөөчү жайга тынбай автоунаалар, ошондой эле оор жүк ташуучу унаалар да токтойт. Окуучулардын өмүрүнө чоң коркунуч жаратууда. Жакында эле бир окуучуну ушул жерден машина коюп кетти. Күзүндө дагы бир окуучуну сүзүп кеткен. Ата-энелердин "аялдама бойдон калсын, желимдөөчү жайды жапкыла" деген талаптарын эч ким укпай жатат. Эгер алдын албаса жаман окуялар болуп кетиши мүмкүн, анткени бул жер кыймыл токтобогон Бишкек-Ош жолунун бою", - деп билдирет окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.