Төкмө акын Баян Акматов Нарын облусунда өткөн айтышта жеңишке ээ болуп, 100 миң сом менен сыйланды. Иш-чара Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук театрында 26-январда өттү. Айтыш эл аралык деңгээлде өткөнүн Баян Акматов билдирди.
"Нарында "Кең Тянь-Шань курчалгансың нур менен, казак-кыргыз какшап айтсын ыр менен" аталышындагы айтыш болуп өттү. Ага казак боордоштордон 2, кытайлык 2 акын катышты. Жалпысынан 16 катышуучу болуп, финалга мен, Нурлобек Курманов, Жамайка Токонова жана Турат Жумаев чыктык. Анда мени менен Турат Жумаев, Жамайка Токонова чыкты", - дейт ал.
1-орун Баян Акматовго, 2-орун Жамайка Токонова менен Турат Жумаевге, 3-орун Нурлобек Курмановго буюрду. Мындан тышкары, бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылганын кошумчалады.