Интернетте айдоочу итти унаасы менен атайын сүзгөн видео тараган. Бул факты боюнча Ленин РИИБи тергөө иштерин баштап, айдоочуга издөө жарыялады. Маалыматты мекеменин басма сөз катчысы кабарлайт.
"28-январда Бишкектеги көчөлөрдүн биринде Тойота Авенсис үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу итти тебелеп кеткен. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 132-берене (жаныбарларга орой мамиле кылуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.
Учурда тергөө иштери башталып, айдоочу издөөгө алынды", - деп билдиришти маалымат кызматынан.