Сузакта 2 жашар наристе катуу сабалып каза болду. Шектүү катары баланын жеңеси кармалды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 2 жашар бала катуу сабалып каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-январь күнү болжол менен саат 13:30 чамасында Сузак районунун Октябрь айылдык ооруканасына 2017-жылы туулган баланын жансыз денесин алып келишкен. Анын денесинде көптөгөн көк ала тактар бар болгон.

Бул факты боюнча окуя болгон жерге тергөө ыкчам тобу барган. Алар бардык тийиштүү маалыматтарды Сузак РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "денеге оор залал келтирүү" беренеси менен каттап, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

"Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Шектүү катары баланы карап жүргөн жеңеси Д.А. суралууда. Анын колунда кичинекей баласы жана андан сырткары өспүрүм балдары бар. Азыр анын баш коргоо чарасы каралууда. Чарчап калган баланын атасы Орусияда иштеп жүргөн. Ал эми апасы 2019-жылы каза болуп калган", - деп билдиришти милициядан.

Сузакта 2 жаштагы баланын өлүмүнө шектелип жеңеси кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
oscar
2020-01-29 11:03:38
Бирөөнүн баласын бирөө карабай калган заман болду го
+14
Baktyluumun98
2020-01-29 11:27:51
Мага берсе багып алмакмын. Наристе алсыз да,балада эмне куноо? Эмнеге ушундай таш боорлор кобойуп атат?
+12
Arstan18.18
2020-01-29 11:34:10
Ушунчалык балага мерезбизби? Бала деген бала баарыбызды жаман ою жок жакшы коруп мн кабык алат! Мейли шоктонсун жаман иш кылсын! Коруп журобузго кичинесинде оло хулиган балдарда чоноюп жакшына Адам болгонун! Тарбияласа болмок
+9
Aimani
2020-01-29 12:07:07
Энеси тирүү болгондо ушинтип таяк жеп чарчап калат беле. Эркелеп, мээримге бөлөнүп жашайт эле но байкуш бала. Женесине наалат баккысы келбесе башка бирөөгө бербейт беле, өлгөнчо сабабай.
+16
murat17
2020-01-29 12:10:01
журок чыдагыс окуя
+9
interpol
2020-01-29 13:01:30
Ар кимдин аман болсун апасы.
Энелүү жетим эрке жетим дейт энеси болсо бирөөгө кор кылмак эмес
+7
ZUXRIDDIN20
2020-01-29 13:43:09
Байкуш наристе. Руху бейиштерге кеттиптирда чыркыраган бойдон апасынын жаныга учуп, жеңесине наалат айтып
+9
Mister-X
2020-01-29 13:56:30
Аялдардын укугун коргойбуз деп чыркырайбыз. Ушундай аялдарды сабап олтурот да анан.
+7
Sajakat14
2020-01-30 16:42:32
Mister-X,сабалып жаткан аялдар дагы эмне кичине балдарын өлтүргөн үчүн сабалыптырбы? Калп эле мөөрөй бербечи! Эптеп эле аялдардын баарын бирдей дей бербей.
0
AizaMurzakmat
2020-01-29 14:08:44
Ошон учун озунорду балдарынар учун кам коргуло, бирооно кор кылбай.
+4
Nurliz11
2020-01-29 16:06:41
Колун сынып эле калса экен айбан
+6
DanilAylin
2020-01-29 17:45:09
бир жагынан дагы коп жылдар кыйналбай кеткени да жакшы болуптур ,атасы Россияга барып уйлонуп алса балалуу болсо анысы да карап кыйратпайт
0
taalay25
2020-01-29 19:31:12
DanilAylin,гумандуу бол, сен кудай же сот белен бироону олумго кыйгыдай
+1
Aktan2018
2020-01-29 23:23:42
DanilAylin,ушу коментти кантип жаздын наристени учуп кеткенин жакшы болуптур деп.
+3
Sajakat14
2020-01-30 16:45:05
DanilAylin,ата баланы энедей карай албайт, мээрим төгө албайт. Аялы өлгөн эркек өзү жетим ьаладай болуп турат. Эненикиндей мээрим атада жок. Атанын балага бергени ал башка.
0
Jyldyz0704
2020-01-29 23:09:38
Байкуш бала ушунчалык ургудай не күнөө кылды экен. Жеңесин камап салса өзүнүн балдарына да кыйын болот эми.
+1
tabyshmakkyz
2020-01-30 00:03:22
Адамдар ушунчалык мыкаачы болуп баратабы ээ. Озунун балдары бар экен ошолорго токкон мээриминен бул балага да мээрим тогуп койсо болот эле го. Жаны эле 2 ге чыккан бала экен эртен чонойгондо балким апа деп чоноймок оз балдарындай болуп. Аттин
+2
tabyshmakkyz
2020-01-30 00:04:15
Жетимдин башын сыласан кудайым озу берерин унутбайт.
+1
taalay25
2020-01-30 00:51:29
tabyshmakkyz,ой плюс басам деп минус болуп кетти
+1
Ruslan-Gaparov
2020-02-04 13:46:27
Акмактар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан