Банкоматтан акча алган аялды аңдып барып тоногон. Шектүү 20 жашта

Банктык эсебинен акча алган аялды артынан аңдып барып, күч колдонуп баштыгын тартып алганга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"2019-жылы 20-декабрда Октябрь РИИБисине Т.А. аттуу жаран белгисиз адам саат 15:00 чамасында Тунгуч кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн подъездинин жанында күч колдонуп баштыгын тартып алганы тууралуу арыз менен кайрылган. Баштыкта 2 даана Самсунг үлгүсүндөгү уюлдук телефон, капчык (ичинде 15 миң сом бар) жана өздүгүн аныктаган ID-карты болгон. Кылмышка шектүү белгисиз жакка из суутуп кетип, жабырлануучу тарткан жалпы чыгым 30 миң сомго бааланган.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, "уурулук" беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Иликтөөнүн жыйынтыгында уурулукка шектелип, 2000-жылы туулган М.Э. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Болжолдуу түрдө ал ГУМдун айланасында жүрүп жабырлануучунун банктык эсептен акча алганын байкап, артынан барып, кол салган. Октябрь райондук соту тарабынан ал үй камагына чыккан. Учурда кылмышка шектүүнүн башка окшош кылмыштарга тийиштиги бар же жогу аныкталууда", - деп жазылат маалыматта.

Банкоматтан акча алган аялды аңдып барып тоногонго шектелген жаран кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
TalaCSKA
2020-01-29 11:01:35
Камеранын пайдасы!далдыр жапжаш экен адал иштеп тапса болотко.адал акча берекелуу болот ошону биздин чиновниктер менен кочодону шыпаналар эч тушунбой койдуго!
+9
Mintip-menu-suybo
2020-01-29 11:04:46
Кудай сактай коор... Жапжаш бала иштебейби?
+5
murat17
2020-01-29 12:06:59
байкуш чон эле кемпир экен
0
Baktyluumun98
2020-01-29 21:39:09
Уурунун акылы жок да. Азыр любой жерде камера деген балакет бар. Ошону тушунбогон акмак экен.
+1
miki87
2020-01-30 00:50:34
Урматуу Супер инфо ушундай макала жазганынарда уголовной кодекстен карап канча жылга жазаланат же айып пул салынат жаза кетсенер башкаларга сабак болот беле деген умут. Жана пайдалуурак болот эле макаланар. Урматоо менен силердин дайыма окуучунар.
0
aiba_00
2020-01-30 09:21:05
Чыгарып ийген тура, ууру кылып ментер мн болушуп журо берерт да. Дагы кимдин чонтогун бошотуп журот, жон журмок беле, Конгон адат калабы уйга жугон салабы деген соз бар го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан