Бишкекте маршруткадан заара ушаткан айдоочу жумуштан бошотулду

Бишкекте Чыңгыз Айтматов жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде маршруттук таксини айдаган айдоочу заара ушатып жаткан видео тарады.

Анда айдоочу маршрутканын эшигин ачып, эки жакты карап, андан түшпөй туруп заарасын ушатып жатканын көрүүгө болот.

Бул видео социалдык тармактарга тарап, учурда кызуу талкууга алынууда.

Алдын ала маалыматтарга караганда, окуя бүгүн, 29-январь күнү эртең менен болгону айтылууда.

Бул окуядан кийин айдоочу жумуштан кетти. Маалыматты Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчиси Болотбек Тезекбаев ырастап буларга токтолду.

"Интернетке тараган видео боюнча башкармалык тиешелүү иштерди жүргүздү. Ага ылайык, ал айдоочу бүгүндөн баштап жумушунан бошотулду. Бул окуядан кийин бардык транспорттук компаниялардын жумушчуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүү берилди", - дейт ал.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
AiperiO
2020-01-29 15:35:02
Тупой. Адамдары жок экен, каалаган туалетине барса болмок... Уят
+12
kirgizstan
2020-01-29 15:35:41
Уят деген нерсе калбады. Чоон эле киши экен
+11
Samatalibei
2020-01-29 15:39:01
Жумуштан алган моода болгонбу эмне! Жазасын бериш керек ошондо озуну сыйлайт анан башканы сыйлайт эле!
+9
Aimani
2020-01-29 16:14:24
Тукурукко салган штрафты буга эмне салбайт. Жон эле бошотуп койбой олчойто толотуш керек акмакка.
+14
Tiken
2020-01-29 23:08:45
Мына сага кыргыздын маданияты...
+4
Hurem
2020-01-30 00:01:01
Tiken,+ басам деп минус басып алдым
+2
aiba_00
2020-01-30 09:10:48
Жанында кафелерге деле кирсе болмок, Пайгамбар жашындагы эле киши окшойт килтейген. уяты жок, айып пул салса эакшы болмок.
0
aiba_00
2020-01-30 10:00:42
Бетин табактай кылган бети жок киши экен, уул кыздары деле корду го видеону куда соок кайн журт дегендей.
+1
temirov76
2020-01-30 10:44:45
Муну ким видеого тартканга улгуруптур?
+1
assr
2020-01-30 10:54:33
шустрияктар көп бирөөсү тарта койгонго
+1
Tolik777
2020-01-30 14:55:48
Ичине бекинип алып деле, баклашкага кой берсе болмок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан