Матраимовдордун жактоочулары "Азаттык" менен "Клооп" сайтынан сотко далил алып келүүнү сурашты

Бүгүн, 29-январда Свердлов райондук сотунда Матраимовдордун "Азаттык", "Клооп" жана "24.kg" сайттарына карата жазган арызы боюнча соттук отурум уланууда. Адегенде Матраимовдордун "24.kg" сайтына койгон моралдык чыгымынан баш тартканы боюнча жактоочу өтүнүч келтирди. Сот муну канааттандырды.

Андан кийин "Азаттыктын" өкүлдөрү эгер "24.kg" жоопкер болбой калса, соттук ишти кароону Ленин райондук сотуна өткөрүп берүү өтүнүчүн келтирди. Муну алар өздөрүнүн жайгашкан дареги менен байланыштуу экендигин түшүндүрдү. Мындан тышкары, бул ишти райондук соттун төрайымынын өзү карап жатканы ар кандай шектерди жаратарын айтышты.

Буга Матраимовдордун жактоочулары бул өтүнүч мыйзамга туура келбейт деп билдиришти. Буга чейин жоопкерлер сотту чакырып алуу боюнча бир да жолу өтүнүч келтирбегенин айтышты.

Матраимовдун өкүлү ЖМК өкүлдөрүнө кайрылып, бул соттук процессти атайлап узартуу деди жана алардан жарыялаган иликтөөсүнө далилди алып келүүнү сурашты. Сот кеңешме залына кирип кетти.

Матраимовдордун ЖМКга доосу: Сотто доогерлер далил сурап, жоопкерлер сотко ишенбөөчүлүк көрсөтүштү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
kanayym.92
2020-01-29 15:39:41
Журналистик иликтоо юридикалык тактоону талап кылат.
-2
Jaznura
2020-01-29 15:40:11
Аларда далил жок да. Болгону жалган маалыматты Жалганчы Саймаитиден алып ошонун сөзүнө ишенип алган.
-5
Alimbek1000
2020-01-29 15:42:32
Иликтөө бир тараптуу эмес баардык тараптын ою айтылып чагылдырылышы керек!
-3
Chungyz
2020-01-29 15:46:09
шамал болбосо теректин башы кыймылдабайт
+2
Alinur96kg
2020-01-29 15:53:36
Далилдеп атышса деле факты керек,факты деп отурса раим кимден коркмок эле.
+4
yrmat88
2020-01-29 16:22:22
Матраимовтор Сооронбай Жээнбековтордун кишиси болгон учун буларга карата эч бир мыйзам иштебейт. Кыскасы Сооронбай Жээнбеков кетпесе онолбойбуз.
+7
Kyrgyz_bloger
2020-01-29 16:29:20
Сокени коргогонунар аз келгенсип Раимды дагы коргогонунар силердин чыккынчы акчага сатылганынардын белгиси,болбосо азаттыкта бут далилдер менен айтты,Саймаити жалганчы болсо анда мнеге олтуртуп койду,ким заказ кылды,эмнеге олтургон адамдардын экообу Кыргызстандын жараны болуп чыкты,анын олуму Туркиялыктарга кереги жок,бизден эле заказ берген кылмышын жабыш учун,Кыргызстанда эки курьер олтурулду булар жон жерден эмес,аэропортто мурда иштегендер да далилдеп берди.
+7
Mintip-menu-suybo
2020-01-30 11:38:31
Уурусу куч болсо, ээсин доого жыгат болуп атыптырда кыскасы... Соз жок...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан