Ырчы Данияр Эрматов келинчеги Айсалкын менен Дубайда эс алууда. Эс алуусу тууралуу ал SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди.
"Биз үйлөнгөндөн кийин атайын бал айына чет өлкөгө чыгабыз деп деле максат койгон эмеспиз. Ата-энем, бир туугандарыбыз сюрприз кылып жиберишти. Ата-энем жөнөтсө кантип барбай коёлу деп келдик (күлүп). Буга чейин деле Дубай шаарына көп чакыруулар болгон. Ошондо тамашалашып, үйлөнгөндө келем деп койчумун. Кудай оозго салгандай эле болду. Минтип үйлөнүп, келинчегим менен эс алууга келип отурам", - дейт Данияр.