Интернетке Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун атка мине албай калгандай көрүнгөн видеосу тараган. Видеодо ал көк бөрү оюну тууралуу сөз сүйлөп, токулган атка келгенде жанындагы жигит ага жардам кылып буттан таяган. Кечээ кечинде социалдык тармактарга тараган видеодо Жумабековдун бир нече аракетинен майнап чыкпай, соңунда аттан түшүп кеткендей элес берет.
Колдонуучулар ага карата үзөңгүнү тепкен жок, атка мине албайт деген сындуу ойлорун жазышып, тармак атка минип сүрөткө түшкөндөрдүн сүрөтүнө толо түштү. Бул видеонун тарап жатканына улай эле Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу билдирүү жазды.
"Төраганын атка мине албай калганы тууралуу бир ооз кеп. Бул окуя 2019-жылы 23-февралда журналисттер менен депутаттардын ортосундагы улак тартышта болгону чын. Социалдык тармактарга тарап кеткен видеону шайлоо жакындаганда жакшы монтаждалып, музыканын коштоосу менен кайра-кайра аттан кулагандай көрсөтүлгөнүн тамаша катары кабыл алдык. Аттан кимдер гана кулабайт?", - деп жазылат анда.
Нуракун уулу билдирүүсүнө бул көрүнүштүн монтаждалбаган версиясын жүктөгөн.