Эртең Бишкектин айрым бөлүктөрүндө таза суу берүү токтотулат

28-ноябрда "Бишкек шаарын суу менен камсыздоону жакшыртуу" долбоорунун алкагында 11 кичи райондо суу түтүктөрүн жаңылоо иштери жүрөт. Буга байланыштуу шаар тургундарына таза суу берүү убактылуу токтотулмакчы. Бул чектөө саат 9:00дөн 17:00гө чейин болуп, Совмин шаарчасында, Асанбай кичи районуна караштуу №31-52-үйлөрдө, Каралаев көчөсүнөн тарта Нуркамал көчөсүнө чейин, Нуркамал көчөсүнөн Куттубаев көчөсүнө чейинки аралыкта, Улан, Көк-Жар кичи районунда, Көк-Жар жаңы конушунда суу берүү токтотулат. Ал эми 4,5,7 жана 8-кичи райондо суунун басымы төмөндөшү күтүлөрүн "Бишкексууканал" башкармалыгы эскертет.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан