Күн санап Кытайдан чыккан коронавирус дүйнөгө кулач жаюуда. 1-февралга карата Кытай Эл Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген маалыматына ылайык, вируска кабылгандардын саны 11 миңден ашып, каза болгондор 259га жетти.
Акыркы суткада эле 2102 адам коронавируска кабылганы аныкталды. Ошондой эле Гонконгдо 13, Макаодо 7, Тайванда 10 жана Орусияда 2 адам өлүмгө жеткирген вирус жуктурганы айтылууда.
Эске салсак, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо министрлиги 31-январь күнү жыйында коронавируска байланыштуу абал курч экенин билдирип, эл аралык өзгөчө кырдаалды жарыялашты.