Дүйнөнүн 60ка жакын мамлекетине жайылган коронавирус биздин өлкөнүн жашоочуларын дагы кооптондуруп турган чак. Буга байланыштуу шаардын бейтапканалары эпидемиологиялык абалга канчалык деңгээлде даяр. Ал жакта медициналык бет каптар жетиштүү элеби деген суроо менен №4 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу борборунун башкы дарыгери Вера Асеевага кайрылдык.
"Коронавируска байланыштуу чаралар көрүлүп жатат. Биздин кызматкерлер атайын окуудан өтүштү. Мындан тышкары бейтапкананын өзүндө изолятор уюштурулду. Ага коронавируска шектелген жарандар убактылуу жайгашат. Вируска шектелген адам тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы атайын штабга кабар берилип, алар бейтапты алып кетиши керек. Изолятордо медициналык персоналдар үчүн бикстер (стерленген темир контейнерлер) даярдалган. Ал жакта атайын коргонуучу костюмдар жана башка шаймандар бар", - дейт дарыгер.
Башкы дарыгер коронавируска байланыштуу топ ачылып, ага күнү-түнү маалыматтар келип түшөрүн кошумчалады.
"Бул түзүлгөн топ аркылуу өлкөгө келген чет элдик жарандар жөнүндө дагы маалымат алып турабыз. Албетте, алар дароо көзөмөлгө алынат. Коронавируска байланыштуу чочулоо бар. Андыктан бет каптарга болгон талап күчөдү. Бирок биздин бейтапканада мурунтан бери эле медициналык бет каптар сасык тумоого кабылгандарга жана кургак учук менен ооругандарга бекер берилет. Учурда ооруканада бет каптар жетиштүү", - дейт башкы дарыгер.