АКШнын президенти Дональд Трамп Кыргыз өлкөсүнө АКШга кирүүгө чектөө койду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"АКШнын Коопсуздук министринин кызматын аткаруучу Чед Вольфтун берген маалыматына ылайык, 6 өлкө америкалык коопсуздук стандарттарын жана маалымат алмашуу тапшырмасын аткара албагандыктан, Америкага кирүүгө чектөө коюлган. Алар Эритрея, Кыргыз өлкөсү, Мьянма, Нигерия. Аталган 4 өлкөнүн жарандарына АКШга иммиграциялык виза алуу үчүн кайрылууга тыюу салынат. Аталган виза АКШда жашоого жана иштөөгө укук берет. Ал эми Судан жана Танзанияга грин-карт лотереясы токтотулат. Туристтерге, жеке ишкерлерге, студенттерге жана жумушчуларга мурункудай эле виза бериле берет", - деп жазылат маалыматта.
Ошентип иммиграциялык чектөө киргизилген өлкөлөрдүн саны Иран, Сирия, Йемен, Ливия, Сомали, Венесуэла жана Түндүк Кореяны кошкондо 13тү түзүп калды.
Буга чейин АКШга кирүүгө чектөөлөр боюнча маалымат тарап, АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси Дональд Лу визалык чектөө тууралуу маалыматты тастыктаган эмес.