Учурдун популярдуу мушкери Хабиб Нурмагомедовго Флойд Мейвезер жана Конор Макгрегор менен беттешке чыгуу үчүн 180 миллион евро сунушташууда. Бул тууралуу The Sun маалымат агенттиги жазып чыкты.
Хабиб Нурмагомедовдун менеджери Али Абдель-Азиз Сауд Арабиясындагылар орусиялык мушкер менен америкалык мушкер Флойд Мейвезердин беттешин өткөрүүгө кызыкдар экенин билдирди. Анын айтымында, араб миллиардерлери беттеш үчүн 75 миллион фунт стерлинг (90 миллион евро) сунушташкан жана беттеш Эр-Рияд шаарында өтсүн деген талабын билдиришкен. Ошондой эле Али Абдель-Азиз жолугушуу учурунда ошол эле таасирдүү адамдар ирландиялык мушкер Конор Макгрегор менен реванш күтүшөрүн жана эгер Хабиб беттешке чыкса, ал үчүн да 75 миллион фунт стерлинг төлөшөрүн айтышкан.