Кыргыз өлкөсүнүн Ухан шаарында жашаган 18 жараны Бишкекке алынып келди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"2-февраль күнү казак тараптын жардамы менен Нур-Султан шаарына алып келинген 18 Кыргыз жараны Бишкекке атайын борт менен жеткирилди. Келген жарандардын баары аэропортто тиешелүү текшерүүдөн өтүп, Бишкек шаарынын четиндеги атайын жугуштуу оорулар үчүн бөлүнгөн бөлүмгө жайгаштырылды. Оорукана керектүү лабораториялык жана дарылоочу жабдуулар менен жабдылган. Анда адистешкен медициналык персоналдар бар. Эвакуацияланган жарандар биринчи кезекте коронавирус инфекциясына карата текшерүүдөн өтүшөт", - деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, буга чейин Өкмөттүн жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев вирустун очогу болгон Ухан шаарында 15 Кыргыз жараны бар экендигин айткан.
Андан соң Кытайдан келген Арина Арпачиева аттуу социалдык тармактын колдоонучусу "Баарыбызды шарты жок автобуска салышты" деген нааразычылыгын баракчасына жазып, окуянын видеосу да тараган.