Өлкөдө 1-июндан тартып санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди катуу сактоо менен экономикалык жана социалдык чөйрөлөрдөгү иштин бардык түрлөрүн жандандыруу максатка ылайыктуу экенин республикалык штабдан кабарлашты.
Ошол эле учурда экономикалык иш-аракеттердин төмөнкү түрлөрү боюнча айрым чектөөлөрдү калтыруу сунушталууда. Алар:
* маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк, эскерүү иш-чараларын өткөрүү;
* көңүл ачуучу жайлардын ишмердүүлүгү;
* балдар оюн-зоок жайларынын, оюн аянтчаларынын ишмердүүлүгү;
* интернет-клубдардын, ошондой эле компьютердик оюн жайларынын ишмердүүлүгү;
* мектепке чейинки билим берүү жаатындагы уюмдардын ишмердүүлүгү.