Жалал-Абад шаарындагы "Курманбек" стадионунда алгачкы жолу эл аралык оюн өтөт

Жалал-Абад шаарындагы "Курманбек" стадионунда алгачкы жолу эл аралык оюн өтөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, Азия Футбол Конфедерациясы "Курманбек" стадионун АФК Кубогундагы тандап алуу оюндарын кабыл алган стадион катары бекитти.

Стадиондо АФК Кубогунун тандап алуу оюну 5-февралда орун алып, анда "Нефтчи" түркмөнстандык "Ахал" клубун кабыл алат. Бул оюн менен "Курманбек" стадиону эл аралык беттешти алгачкы жолу өткөрөт.

Эки оюнда тең "Нефтчи" жеңишке жетишсе, плей-офф баскычындагы оюндар "Курманбек" стадионунда өткөрүлөт.

АФК Кубогунун тандап алуу оюндары-2020:

5-февраль, саат 14:00дө - "Нефтчи" (Кыргыз өлкөсү) - "Ахал" (Түркмөнстан) ,"Курманбек" стадиону (Жалал-Абад шаары);

12-февраль, Бишкек убактысы менен саат 16:00дө "Ахал" (Түркмөнстан) - "Нефтчи" (Кыргыз өлкөсү) , "Ашхабад" стадиону (Ашхабад шаары).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
murat17
2020-02-03 22:57:21
Нефтчи алга
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан