02.02.2020: Датага маани бересизби? 2-февралда Кыргыз өлкөсүндө 37 түгөй никесин каттатты

Социалдык тармактарда 2-февраль бир кылымда бир келчү күн деп аталып, ушул күндү эсте каларлык кылып өткөргөндөр болду. Бул күнү дүйнөнүн булуң-бурчундагы жуптар баш кошуп, үй-бүлө аталышты. Ал эми Кыргыз өлкөсүндө дагы 02.02.2020 деген сан басылган күбөлүктүн ээси болгон үй-бүлөлөр түптөлдү.

Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы 2-февралда 37 нике катталганын айтат.

"Республика боюнча 2-февралга карата 37 нике каттоодон өттү. Алардын 26сы Бишкектеги Бакыт үйүндө, 11и өлкөнүн ар кайсы аймактарында катталды. Белгилей кетсек, нике күбөлүгүн расмий алгандар бир ай мурда арыз таштагандар. Мыйзамга ылайык, каттоого бир ай мурда жазылуу керек", - деди маалымат катчы.

Кытайда коронавирустун күч алганына байланыштуу жаштар үчүн маанилүү болгон 2020-жылдын 2-февралында (02.02.2020) үйлөнүүгө тыюу салынганы маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Dembele84
2020-02-03 16:02:31
Мындай даталарды андып никеге катталганы менен кийинки жашоосу жакшы болбосо,дата тандаганы бир тыйын болот
+3
Dembele84
2020-02-03 16:06:37
Мен мындай дата тандагандарды,баягы эле окшош сандагы авто номерлерине жугургон же окшош сандагы телефон номерине кызыккан убактылуу фанаттар деп эле билем
+4
Patoshik1
2020-02-03 17:32:44
Dembele84,Ал Сенин проблеман ))))))))
-1
Farra16gsin
2020-02-03 16:14:59
Анан ошолорго мүйүз чыгыптырбы?
0
Shabi
2020-02-03 16:20:32
Анан тункусун да 02:02де болдубу
+2
bond02
2020-02-03 16:38:38
Бул жон гана цифра, эч кандай эч нерсеге тиешеси жок.
+4
salimbek87.kg
2020-02-03 16:47:08
Ким баш кошкон болсо да бактылуу болсун кайсы Куну баш кошкон болсо да
+4
Aroiz
2020-02-03 21:40:57
Ар дайым эсте кала турган күн болушу мүмкүн, бактылуу болушсун
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан