Миллионердин баласы каза болгон жол кырсыгы. Такси айдаган 22 жаштагы Кыргыз жаранына сот чечим чыгарды

Москвада мотоцикл айдап келе жаткан миллионердин баласы менен сүзүшкөн Кыргыз жаранына сот чечим чыгарды. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, чечимди Таган райондук соту чыгарып, анда Кыргыз жараны Исламбек Акбаров 2 жылга эркинен ажыратылган.

"Чечим 29-январда чыккан. СИЗОдо отурганын эсептегенде алдыда дагы 7-8 ай отурат. Ал эми жактоочусу апелляциялык арыз даярдап жатат", - деди элчиликтен.

Окуянын чоо-жайы:

Жол кырсыгы 2019-жылдын 8-июлга караган түнү Москвада орун алган. Анда такси менен мотоцикл сүзүшүп, экөө тең өрттөнүп кеткен. Оор абалда ооруканага жеткирилген мотоциклдын айдоочусу жандандыруу бөлүмүнөн каза болгон. Кийин ал колбаса чыгарган бизнестин ээси, миллионер Владимир Маруговдун уулу Александр Маругов экени аныкталган.

Ал эми таксини 22 жаштагы Исламбек Акбаров аттуу Кыргыз жараны айдап бара жатканы аныкталып, кылмыш иши козголуп, ал камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
monok2001
2020-02-03 15:11:34
Сот адилеттуу окшойт
+16
Muslim_KGstana.
2020-02-03 15:20:33
Менин оюмча жакшы эле чечим чыгарган
+20
pyeon hwa
2020-02-03 15:31:14
Видеосун корсонор, кыргыз жигит эч кандай тартип бузган эмес, 1жылдан ашык бербеш керек эле
+5
Muratmipa
2020-02-03 15:46:31
pyeon hwa,кандайча тартип бузган эмес все равно в встречкадагы келе жатканды пропускайт этиш керек эде
+10
Sweetdream
2020-02-03 16:14:16
Muratmipa,встречкачадан катуу ылдамдык менен келе жаткан мотоциклист. А женил машинанын айдоочусу не рассчитал
+1
tular
2020-02-03 17:41:32
Muratmipa, мотоцикл кызыл светофордон өтүп кеткен. Такси болсо дополнительная секция светофордон жашыл күйгөндө өткөн! Эч кандай жол эрежеси бузулган эмес. Ал жерден мотоцикл күнөөлүү.
+6
JaneEr
2020-02-03 16:38:29
Кудайга шугур десин орус миллионердин баласын Россияда иностранец сузсо да адилеттуу жаза бериптир.Бизде миллионердин баласын сузсунчу,омур бою ак болсо да камактан чыкпайт эле.
+18
bond02
2020-02-03 16:44:31
Бизде Орзубек Назаровдун кызын куугандар канчага камалды эле?
+3
Crokus
2020-02-03 17:17:33
Адилеттуу чечим чыгарыптыр,хоть мусулман болбосода.Биздикилер сырты мусулман ичи каапыр.
+18
Center
2020-02-03 17:24:50
Миллионерда балсы өлгөнүнө Шугур деп эле доволень болуп отурса керек, себеби оруссияда эле эмес дегеле европа өлкөлөрүндө бала чоңойгондон кийин бала эмей эле балее болуп калат баштарына, тем более миллионер болсо андан бетер ата-энесин сөзүн укпай, каяша сүйлөп, сөгүнүп, корс сүйлөп жүдөтүп ийишет. Эгер миллионер баласына чындап күйгөндө тиги кыргызды (сотторго акча басып болсода) 10/15 жыл түрмөгө тыктырмак, же жок кылдырып иймек.
-13
Aimani
2020-02-03 21:03:24
Center,биздин кыргыздар ошондой кылышы мүмкүн, тушцнугубуз сеникиндей болсо. Орустар баары бир справедливый келишет
+7
Center
2020-02-03 23:16:38
Aimani, Орустарыңдын түшүнүгү эң төмөн болгону үчүн картайган эне-аталарын таштап кетип калышат. Сенин түшүнүгүң деле орустардын түшүнүгүнөн ары өтпөйт экенин далилдеп жатасың байкуш!
+3
Aimani
2020-02-04 12:55:32
Center,ата энесин таштаган кыргыздарда да бар, жакшы карап баккан орустар дагы бар. Бул жерде башка жөнүндө сөз болуп жатат. Кыргыз сендейлер күнөөсүз адамды түрмөгө отургузуп койгондор толтура. Биздин сотторго акча берип койсо каалаган кишинди кесип жиберишет. Орустар андай эмес. Миң патриот болуп кыргыз үчүн жаныбызды берсек да чындыкты моюнга алыш керек
+1
baku24
2020-02-04 11:12:24
Center,[moderated]дан сын колбасного короля случайность или чей то план деп издеп корсонуз. Молоховдун передачасында чыккан. Толук тушунуп коруп чыгас.Лично менин журогум оруду аял катары олгон баланын апасын коруп.бпй болгуча бактылуу бол деген соз эн туура экен.
+1
Stervashka
2020-02-04 03:58:00
Эчкимде эч кандай куноо жок, бул кокустук болду деп баланын апасы айтып чыкты элего.
0
zamiirbek1993
2020-02-04 09:43:17
аман есен акталып кыргызстанга кайтып келсе екен ата енесин жанында болуп
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан