Өзгөндө унаа менен кошо күйүп кеткен маркумдардын сөөгү жерге берилүүдө. Бул тууралуу Өзгөн районуна караштуу Ак-Жар айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, каза болгондордун улуусу 45 жашта болсо, кичүүсү 27 жашта.
"Маркумдарды азыр бир жерден сөөгүн чыгарып жатабыз", - деди айыл өкмөт башчы.