Ысык-Көл облусунда изи сууй электе автоунааны айдап качкан шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 4-февралда болжол менен саат 01:45 чамасында Тоң РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 29 жаштагы Бөкөнбаев айылынын тургуну О.Н. кайрылган. Арызда 3-февралдан 4-февралга караган түнү болжол менен саат 23:55 чамасында белгисиз адамдар үйүнүн алдында токтоп турган ВАЗ-2121 үлгүсүндөгү унаасын белгисиз тарапка айдап качып кеткендиги тууралуу жазылган. Аталган факты Тоң РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
"Ыкчам иштердин натыйжасында болжол менен 3 сааттан кийин жол кыймылынын кызматкерлери изи сууй электе кылмышка шектүү катары 26 жаштагы Бөкөнбаев айылынын тургуну Т.С. кармалган. Ал 2018-жылы уурдоо үчүн шарттуу түрдө кесилген.Териштирүү учурунда шектүү Бөкөнбаев айылынан унааны айдап качкандан кийин, Жети-Өгүз районунун Барскоон айылына барып, ал жерден дүкөнгө кирип, 8 чөнтөк телефондорду жана Тосор айылынын дүкөнүнөн азык-түлүк товарларын уурдагандыгын милиция кызматкерлери тарабынан аныкталган. Далил зат катары кылмышка шектүү адамдан уурдалган буюмдар алынды. Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда", - деп жазылат маалыматта.