Оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбеков Иранда өткөн эл аралык турнирде алтын медаль утту

Кыргыз өлкөсүнүн оор атлетчиси Бекдөөлөт Расулбеков Иранда өткөн "International Fajr Cup" эл аралык турниринде алтын медаль утту. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, бул турнир Ирандын Решт шаарында 1-5-февраль күндөрү өткөрүлүүдө. Бекдөөлөт Расулбеков 96 килограмм салмак ченинде катышты. Биздин спортчу штанганы жулкуп көтөрүү боюнча 165 килограмм жана түртүп көтөрүү боюнча 206 килограмм болуп жалпы 371 килограмм көтөрүп, өзүнүн салмагында чемпион болду.

Бул турнир рейтинг катары бааланып, олимпиадага жолдомо утууга жардам болмокчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Jelezo
2020-02-04 18:47:13
Азамат
0
Farra16gsin
2020-02-05 12:15:01
Видеосун жүктөп койсоңор жакшы болмок кайдан көрсөк болот же силер да бир жактан уктуңарбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан