UFC чемпиону орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовдун машыктыруучусу жана атасы Абдулманап Нурмагомедов Фергюсон-Нурмагомедов беттешинде америкалык мушкердин утууга мүмкүнчүлүгү жок экенин орусиялык маалымат каражаттарына билдирди.
"Тони Фергюсондо Хабибди утууга мүмкүнчүлүгү жок жана болгон дагы эмес. Бул беттеш UFC тарыхындагы эң чоң беттештердин бири болот. Бул беттештен кийин биз бул дивизионго чекит коёбуз. Биз бардыгын жеңип чыктык", - деп билдирди.
Маалыматка ылайык, америкалык Тони Фергюсон менен орусиялык Хабиб Нурмагомедовдун беттеши 18-апрель күнү Нью-Йорк шаарында UFC 249 турниринин алкагында негизги беттеш катары өтөт.