Режиссёр Эрнест Абдыжапаровдун 2006-жылы тартылган "Боз салкын" тасмасын азыркыга чейин калың журт тажабай көрөт. Тасма кезинде "Евразия" эл аралык кинофестивалында Гран-Прини, Римде өткөн "Нетпак" кинофестивалында Эл аралык кино коомунун атайын призин, Везуль шаарында өткөн Азия искусство кинофестивалында атайын приз жана башка сыйлыктарга татыган. "Сенин атың - менин атым, сенин катының- менин катыным", "Биз тамакты да бычак, вилка менен жейбиз", "Сүйүү-пүйүү болбогон жомок" деген бир топ эл оозунда калган сөздөр дал ушул "Боз салкын" тасмасынан алынган. Анда эмесе, 14 жылдан кийин тасма эсиңизде канчалык калды? Ошол темада өзүңүздү текшерип көрүүнү сунуштайбыз.