Бүгүн, 5-февралда дүйнөдөгү эң мыкты футболчулардын бири Криштиану Роналдунун туулган күнү.
Роналду 1985-жылы 5-февралда Португалиянын Фуншал шаарында төрөлгөн. Ал футболду 8 жашында жергиликтүү "Андоринья" клубунан ойноп баштаган.
Роналду Португалия курамасы менен 2016-жылы Европа чемпиондугун жана 2018-жылы улуттар аралык Лигасын жеңип алган.
Криштиану футбол тарыхындагы Испания, Италия жана Англия чемпиондуктарын жеңген жалгыз футболчу. Учурда ал Италиянын "Ювентус" клубунда ойнойт жана Италия чемпиондугундагы мыкты чабуулчулардын сап башынан түшпөй келет.
Өзү төрөлгөн Фуншал шаарындагы эл аралык аэропортко аты берилген.