Бактыга жараша жаракат алгандар жок! Бишкекте гаражда токтоп турган унаа күйүп кетти

Бишкек шаарында Тойота үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кетти. Бактыга жараша жабыркагандар жок дейт ӨКМнын басма сөз катчысы.

"4-февралда саат 7:00дө Ленин районундагы Бобулов көчөсүндө гараж күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Жерине 2 бөлүм тартылып, өрт саат 8:32де толук өчүрүлдү. Кырсыктын кесепетинен гараждын 150 чарчы метр аянты жана Тойота үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда", - деди маалымат кызматынын өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан