Жыл башынан бери дарыгерлер менен аларга кайрылган адамдардын ортосунда чыр жаралган учурлар ооруканадан сыртка чыгып, коомдун талкуусуна алынды. Ага улай эле ооруканалардагы кызмат көрсөтүүнүн деңгээли, шарттары тууралуу түрдүү ойлор жазылып, оңдоо зарылчылыгы турган жагдайлар көп экендиги айтылды. Медицина тармагын өнүктүрүүнү көздөгөн айрым өлкөлөр эл өкүлдөрүнө, аткаминерлерге чет өлкөнүн клиникаларында дарыланууга тыюу салууну сунуштап келишет. Мындай ыкма саламаттыкты сактоо тармагын реформалоону тездетет деп түшүндүрүшкөн. Ушундай эле сунушту мындан 4-5 жыл мурун депутат Наталья Никитенко айтып чыккан, бирок ал кептер айтылган боюнча калган болчу. Биз бүгүн Жогорку Кеңешке барып депутат, министрлерге "Мамлекеттик оорукананын кызматынан акыркы жолу качан пайдаландыңыз эле жана сизди канааттандырдыбы?", - деген суроону узаттык.
Депутат Алмазбек Токторов өткөн жылы Бишкектеги атайын адистештирилген оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатып чыкканын, ага жакшы кароо болгонун айтты. Мындан тышкары, Токторов ооруканага жатууга көмөктөшүңүз деп кайрылгандардын суранычын аткаруу үчүн медициналык мекемелерге кайрыларын, алардын баары ооруканадан чыгып жатып, жакшы тейлөө болгонун айтышканын билдирди.
"Эми бул мен депутат болуп кайрылганым үчүн, балким, ошондой тейлөө көрсөтүшкөндүр. Жалпылап алганда мамлекеттик ооруканалардагы абалды билем, баары жакшы деп айта албайм. Өзгөчө күз-кыш мезгилдеринде бейтаптардын саны көбөйүп, ооруканаларда орун да, кызматкерлер да жетишсиз болот. Бейтап өзү ооруп сиркеси суу көтөрбөй келет, аны күнүнө демейдегиден өтө көп бейтапты кабыл алып чарчап турган дарыгер тосуп алат. Анан алардын ортосунда пикир келишпестик жаралат. Азыр медицина тармагындагы чоң маселелерди мамлекет өзү чече албайт, андан көрө жеке клиника курабыз дегендерге мүмкүнчүлүк бериш керек. Бирок жоопкерчилик министрликте болот", - деди Токторов.
Ал эми депутат Максат Сабиров өлкөдө медициналык тейлөө акысыз болушу керек болчу, бирок бизде андай болбой жатат дейт. Айтымында, ооруп барган адамда акча болбой калышы да мүмкүн. Мындан улам билим алуу менен дарылануу акысыз жүргүзүлүшү керек.
"Биздин саламаттыкты сактоо тармагына реформа керек", - деди ал. Ушундай эле ойго депутат Махабат Мавлянова да кошулуп, оорулардын түрү көбөйүп жатат, бирок өлкөдө жаңы ооруканалар, жабдуулар жок болуп жатат деди депутат айым.
"Мамлекеттик ооруканага кызым ооруп, сокур ичеги го деп ойлоп атайын адистештирилген ооруканага алып барганбыз. Ал жактан №3 балдар ооруканасына жөнөтүштү. Жалпы айтканда, бул тармакты көтөрүүнүн 2 жолу бар. Биринчиси, бюджеттен ага чоң көлөмдөгү акча бөлүш керек же ооруканалардын курулушун жеке адамдарга өткөрүү. Операциялардын акысынын бир бөлүмү милдеттүү медициналык фонддон бөлүнүп турса болот", - деди ал.
Министр Азамат Жаманкулов болсо аймактардагы ооруканалардын абалы оңдоого абдан муктаж деген оюн айтты.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду бул жылга карата бюджетин 13 миллиард 706 миллион сом көлөмүндө деп болжолдогонун маалымдаган. Өлкөнүн бул тармагы боюнча сиздин пикириңиз кандай, комментарий калтырыңыз.
Эл өкүлдөрүнүн толук пикирлерин видеодон көрүңүз.