Мурдагы президент Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаевдин өмүр баяны. Ал эки аптадан кийин 44 жашка чыкмак

Мурдагы президент Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаев 43 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Ал бир катар мамлекеттик кызматтарды аркалап, Март окуясынан кийин ага карата Башкы прокуратура тарабынан бир катар кылмыш иштери козголгон эле.

Айдар Акаев 1976-жылы 20-февралда Ленинградда төрөлгөн. Үй-бүлөдө экинчи бала, эжеси Бермет, карындашы Саадат, иниси Илим. Фрунзе шаарындагы орто мектепте билим алган. 1998-жылы АКШнын Мэриленд университетинин менеджмент жана бизнес адистиги боюнча билим алган.

Эмгек жолу:

1999-жылы - Казакстандын Бишкектеги "Казкоммерцбанк" ачык акционердик коомунун директору, ошондой эле Алматы шаарындагы "Казкоммерцбанкта" дагы иштеген;

2001-жылдын февраль айынан баштап - Кыргыз Республикасынын Финансы министринин кеңешчиси;

2004-жылдын 23-декабрынан 2005-жылдын 30-мартына чейин - Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитетинин жана Бокс федерациясынын президенти;

2005-жылдын 18-январында парламенттик шайлоого катышууга арыз таштап, Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

Айдар Акаев "Рентон-групп" компаниясынын ири акциясын жетектеген. Ошондой эле мурдагы президенттин уулуна Кыргыз өлкөсүндөгү "Бител" мобилдик оператору таандык болгон.

2005-жылы март айында Аскар Акаев бийликтен куулгандан кийин Айдар Акаев бардык мамлекеттик кызматтарынан алынып, депутаттык мандатынан ажыратылган. Ал эми өлкөнүн Башкы прокуратурасы Айдар Акаевге мамлекеттин мүлкүн уурдаган, махинация жасаган жана башкалардын мүлкүн коркутуу менен өзүнө ыйгарып алган деген фактылардын негизинде кылмыш ишин козгогон.

Жеке жашоосу боюнча, 1998-жылы Айдар Акаев Казакстандын президенти болуп турган Нурсултан Назарбаевдин кичүү кызы Алия Назарбаевага үйлөнгөн. Экөө 2001-жылы ажырашып кеткен. Кийин 2002-жылы алпаруучу Сайкал Чокубаевага үйлөнгөн. Экөөнүн эки, айрым маалыматтар боюнча үч баласы бар. Кыргыз өлкөсүнөн чыгып кеткенден бери Айдар Акаев да Москвада жашап, иштери айтылып келген.

Бүгүн, 6-февралга караган түнү Айдар Акаев 43 жашында каза болгону кабарланып, андан кийин эле Аскар Акаевдин агасынын уулу Кубан Акаевдин көзү өтүп, кечээ жерге берилгени маалым болгон.

Айдар Акаев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
aza84
2020-02-06 12:16:52
Аскар Акаев негизи озу акылду жакшы киши
+13
Tyty1990
2020-02-06 13:59:30
aza84,акылдуу киши болсо Назарбаев Каримов сыяктуу мамлекетти көтөрбөйт беле!? Тентип россиялап жүрбөйт элек эгер чын эле акылдуу болсо.
+6
Wibee
2020-02-06 19:59:56
aza84,аскар акаевин калмак.кыргызстандын элинин бүгүнкү күндөгү жакыр жашап калганына чек ара жер сатуу элин мн еошо завод фабрика айтор кыргызстанды сызга гана отуршузуп качып кетти .
-1
aerforce
2020-02-06 12:22:26
Жана эле Куан Акаев деп жатпадынар беле туурасын аныктап жазгылачы
+4
Kyrgyz_bloger
2020-02-06 12:37:31
aerforce,жакшылап окусанар тубундо жазылып турат,
0
katerina.li
2020-02-06 12:59:11
aerforce,бир тууганы да,баласы да каза болуптур. До конца окуп,тушунуп анан жазсанар боло бир нерсени
+5
aerforce
2020-02-06 13:26:59
katerina.liэй акылдуу адашып айтылды деп жазган ошонусун айтып жатам
-7
Sajakat14
2020-02-06 17:25:43
aerforce,бул жерде эки киши каза болуп жатат.
+3
Alixan-Nookat.2015
2020-02-06 12:28:53
Жаткан жери жайлуу болсун!
+11
kushu_bek
2020-02-06 16:08:17
Акылдуулар Кыргызстанда жокко эсе
Садыр жапаровдон башкасы
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан