Биз социалдык тармакта

Кара-Балтада сабак учурунда окуучуну тепкен мугалимге сөгүш жарыяланды

Социалдык тармакка Кара-Балта шаарындагы №2 орто мектептеги дене тарбия мугалиминин сабак учурунда эки окуучуну тепкен видеосу тараган. Видео кечээ, 5-февралда тартылган.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан мугалимге сөгүш жарыяланганын кабарлайт.

Окуяны териштирүү жана мугалимдин бул аракетине баа берүү үчүн Жайыл райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Талантбек Арыков Кара-Балтадагы №2 мектепте ата-энелердин катышуусунда бүгүн, 6-февралда чогулуш өткөргөн.

“Биз, мектеп жетекчилиги жана ата-энелер менен жыйын өткөрүп, сүйлөштүк. Мугалим өзүнүн жүрүм-туруму үчүн кечирим сурады, ата-энелер ага карата дооматтары жоктугун билдиришти”, - деди Талантбек Арыков.

Бирок педагогикалык этиканын нормаларын бузгандыгы үчүн мугалимге сөгүш берилди.

Кара-Балтада сабак учурунда окуучуну тепкен мугалимге сөгүш жарыяланды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Samatalibei
2020-02-06 17:00:51
Кыргызстанда эң катуу жаза! "Сөгүш берилди"деген жаза колдонулат! Өлүм жазасынан да катуу жаза. Бул жазаны башка өлкөлөрдө колдонгондон коркушат!
-1
Tolkun555
2020-02-06 19:17:38
Samatalibeiбиз так жеп эле чонойгонбуз.кичине какус кукус кылып койсо эч нерсе болбойт.энеси болушчаактын баласы ыйлаак.
+1
Mister-X
2020-02-06 23:54:12
Tolkun555,Токмокту биз деле жегенбиз.Бетине шапалак менен урса болот,укаска менен урат болчу.Бирок бетине тепкен болбойт.
0
Absamat-90
2020-02-06 17:18:32
Азыр балдар деле бир жагынан мугалимди укпай ошого жеткирет. Уйдон тартип катуу болсо, коомдо озун жакшы алып журот.
+2
Jaznura
2020-02-06 17:20:09
Көк мээ мугалим экен. Сенин балаңды бирөө ушунтип тепсе эмне болосуң
-2
JaneEr
2020-02-06 17:47:42
Укпаса кочугуно урбайбы,кулагынан чойбойбу.Баланы тепкен болбойт.
+2
aerforce
2020-02-06 17:49:25
Баламды бироо тепсе мен олтургонго чейин барам бирок кезинде агайларыбыз уруп согуп окутчу азыр рахмат эле айтам таякты бекер эле жебеген экенбиз
-1
bond02
2020-02-06 18:22:24
Бул агайды тезирээк UFCге жоноткуло формага келип калыптыр, болбосо окуучуларды майып кылып койбосун.
+2
Shef87
2020-02-07 00:35:42
Сөгүш бербей айдагыла иштен
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан