Бишкек шаарындагы "Навигатор" кафе-барында баңги затын сатууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бишкек ШИИББине Биринчи Май районунда жайгашкан "Навигатор" кафе-барында баңги затын таратып жатат деген маалымат түшкөн. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 267-берене ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Ыкчам-иликтөө амалдарынын натыйжасында кылмышка шектүү аталган мекемеде 8 айга жакын иштегени маалым болгон. Ошондой эле сатып жаткан учурда анын жанында салмагы 4 грамм болгон гашиш баңги заты бар экендиги аныкталган. Кылмышка шектелип 1992-жылы туулган "Навигатор" кафе-барынын кызматкери Т.У. кармалды. Учурда ал Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Андан табылган баңги заты боюнча соттук-химиялык эскпертиза дайындалган. Сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда", - деп жазылат маалыматта.